Куйоого чыкпай калуу коркунучу менин кайраттуулугумду бекемдейт
Мен кичинекей кыз емесмин. Мен 22 жаштамын. Жакында менин кулагым угууну каалабаган нерсени менин таежем айтты. Ал менин чон енем мага куйоо караштырып койгонун айтты.

Мейли менин туугандарым мени бойго жетип куйоого чыгууга маалы жетти деп ойлошсун. Мен дагы еле ичимде чон пландары жана максаты бар оспурум кызмын! Билбейм, бирок мага бойго жеттин дешкенде мени коркунуч сезими еелеп алат. Озумдун омурлук жолдошумду мен ОЗУМ табам! Керек болсо ага чыкпай деле коюшум мумкун, ал менин акыркы максатым емес! Мени мамамдай кылып ала качуу жолу менен куйоого чыгууну каалабайм! Каалабайм! Мен суйуу жолу менен еки жаштын бирдей каалоосу менен болгон никени каалайм. Менин еркиндигим азап чекпегендей болуп , кайтадан бийик учуусун каалар елем! Менин алдыдагы максаттарым жана пландарым эки есе кобойсо екен деп каалар елем: анткени максат учун курошкон адамдардан екоо болот да!

Бир жолу менден « Сени ала качып кетишсе емне кылат елен? « деп сурашты.

Мен дароо еле « Жок, жок , мен андан корокчо олуп калышым керек « деп ойлодум. Мен бут баарын ойлонуп, озум бир заматта кайтпай калышымды , озумо озум кол салышыма тушундум.

.Ошондо биздин олкодо бир да кыз ала качуудан коопсуз боло албаганын тушундум!

Эч ким, мейли Ата Эне болобу, куч органдары болобу, кыздарды мындай ырайымсыз жана коркунучтуу зомбулуктан сактап калууга кызыктар еместигин тушундум!

Мен ошол жонундо коп ойлондум. Ошол учурда мен озумду озунун уюлуна жашынган алсыз улулдой болдум. Улулдун жок дегенде уюлу бар, менде болсо озум еле МЕН!

Нарынга барган сайын мен мурунку досторум жана тааныштарым менен жолугуп турам. Ушундай бир барып калганда менин алыс бир таанышым мени менен таанышкысы келип , мени алыстан коруп суйлошкондон коркуп менин жаныма келгенге батына албай койуптур.

Мен кыздарды ала качканга аракет жасаган « мамбеттер», кыздарды коргондо есин жана тилин жоготуп дендаро болуп калуусун каалар елем! Мейли ар бир кыз ушулардын баардыгын озунун акылдуулугу менен, кучтуу енергиясы менен жана багынбастык коздору менен коркутуп турсун! Ошол учун кыздар окугула. Биздин кучтуу куралыбыз бул бизди мудурултпой турган билим! Жапайы адамдар силерди сындырбоого аракет кылгыла! Озунор каалагандай - тил уйронуп, билим алгыла! Алдынарга укмуштуудай чон максаттарды коюп озунордун кыялданган енсоонорго жеткиле. Баары аткарылат- мен озумдон билем!

Мен муну Америка Кошмо Штаттарынан келип айтып жатам, ал жерде мен Манхеттенде жашап АКШнын тышкы политикасындагы аялдардын адвокациясынын уюмунда стажирока отуп келдим. Мен_ Нарындан келген - озунун кыялын социалдык жана маданияттык лимиттерге карабастан, лимиттер бизге кыздардын потенциалы чексиз екенин билиш учун берилген, _ турмуш чындыгына айланта алган айылдык кызмын.

Биздеги ар кандай турдуу коркунуч - бул кайраттуу жана кучтуу МЕНин жаралуум!

Егерде менин таежем мага дагы бир жолу « кез келди» деп айтса мен озумдун кайратымды муштум кылып туйуп туруп , мен азыр шашпайм, мени менин суйуум озу табат деп айтам.

Мээрим 22 жашта, Кыргызстан, Нарын, Кочкор а.

Феминизм, боштондук жана озумо болгон суйуу жонундогу ишим жана коз карашым менен жакында гана болушо баштадым. Мен жаш феминист катары, урой учууручу проблемалар жонундо жакында еле ойлоно баштап , феминизм менен гендердик суроолор жонундо досторум туугандарым жана тааныштарым менен ачык талкууулого оттум.

Мен бул жонундо кобуроок айткым келет!



Мээрим, 22 года, Кыргызстан, Нарын, с. Кочкор

Только начинаю делиться своей работой о феминизме, свободе и любви к себе. Я, как юная феминистка, только недавно начала думать вслух о вопиющих проблемах и обсуждать открыто о феминизме и гендерных вопросах с моими друзьями, родственниками и знакомыми. Я хочу больше говорить об этом.
Made on
Tilda