Кыз болсом эмне экен?!

Мен активизмге кичинемде эле келдим деп ойлойм. Мени аны кылба, муну кыл деп кыйнап жаткан учурда. Эмнеге десең, "Сен деген кызсың!" деп. Ошондо эле мен түшүнгөм, бул дүйнөдө көп нерселер туура эмес экенин.
Балким, патриархалдык жана консервативдик үй-бүлөдө"кыз" болуп төрөлгөндөн кийин акыйкаттык үчүн күрөшүүнү баштаган таңгалычтуу эмес. Жашооңдогу жагдайлар өзлөрү эле мажбурлайт. Түшүнүп жатасыздарда э, сөзүбүздү сөз дебейт, чечимдерди кабыл алалбайбыз.


Сага жөн эле милдеттер коюлат жана туура жашоонун эрежелери берилет. Сен аларды сөзсүз аткарыш керексиң. Аткаргандан кийин сени мактоо белек күтөт. Сени баары жакшы көрөт жана сыйлайт. Бир жетинен эмнеси жаман э, элдин айтканы менен болуп тынч жашай бересиң. Бирок, токтогула. Менин өзүмдүн жеке максатым жана калоолорум элдикинен айырмаланат.


Мен активизмге кичинемде эле келдим деп ойлойм. Мени аны кылба, муну кыл деп кыйнап жаткан учурда. Эмнеге десең, "Сен деген кызсың!" деп. Ошондо эле мен түшүнгөм, бул дүйнөдө көп нерселер туура эмес экенин.


Мен жаңы сүйлөгөндү үйрөнгөндө эле максаттанчым. Президент болуш максатым бар эле. Үйдөн "Мен президент болом" деп кыйкырып чуркап жүргөнүм эсимде.


Менин туугандарым ошондо эле айтышкан "Ай балакай, сенин максатың эч качан орундалбайт, анткени кызсың. Аял өлкө менен башкара албайт." Эмне деп жооп береримди билбей, ишенейин деп калгам...



Бирок жашым тогузга келгенде президент аял болду! Роза Отунбаева! Менин жыргаганымды айтпагыла! "Көрдүңөрбү! Мен билгем! Бул мүмкүн! Силер алдадыңар!". Мен ишенем кыздар каалаган ийгилике жетише алат.


Мен үч байкем менен өскөм, менден бир-эки жаш уулу. Биз чогуу ойночук, күрөшүп, атышып. Мен биздин арабызда эч кандай айырмачылык көргөн эмесмин. Бирок баары тамак ичип бүткөндөн киийн кимге идишти калтырат? Кимди баарынын артынан жыйнаттырат? Туура, мени. Биздин кымбаттуу эркектерибиз бара берсин, ойной берсин, өзлөрүнүн артыкчылыгын сезип.


Менин дагы эле эсимде бар менин чырылдам ыйлаганым, чоң таарыныч менен "Тажаттыңар! Мен маалай болгону төрөлдүмбү? Бул акыйкатсыз!" деп кыйкырганым. Чатагым бир сааттын ичинде бүттү, мени соороткон убакыт менен. Мен үчүн бул кичинекей жеңиш болду, анткени төртөбүздүн арабызда милдеттерди бөлүп баштады.


13 жашымда мага укук коргоочу, активисттердин дүйнөсү ачылды менин эң биринчи "Биз каалаган келечек" аттуу жаштар форумумдан кийин. Мен ал жака жашым жетелек болсо да жана уюмдарда катышпасам да өтүп кеткем. Ал жактан мени "Кыргызстандын Активдүү кыздары" клубуна чыкырган. Ал уюм бир жылдан бери иштеп жатыптыр, кыздардын укуктарын кеңейтип.

Мен ал жактан өзгөрүүлөр жеке мага кана эмес, жүздөгөн, миңдеген, миллиондогон мендей кыздарга керек экендигин түшүндүм.


Иллюстраторка Астильба,16 лет. г.Бишкек, Кыргызстан
Bakty Loo 17 лет. Бишкек, Кыргызстан
Made on
Tilda