Университетте окуунун ордуна саякатка баруу.

Кыргызстандык саякатчы кыздар менен болгон маекти сунуштайбыз. Юля жана Сауле курбулары менен Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрундө саякаттап журушөт, алар өзунун тажрыйбасы менен бөлушту.
Салам! Менин атым Юля, мен куностуу Ош шаарында чонойгонмун.

Мен Бишкекте жайгашкан университетте окуп журуп, бир жылдан кийин мен бул жолду улантууну каалайбаганымды андап тушундум. өзумө башка жолду тандадым. Уч жыл English Zone деген компанияда жана башка жерлерде иштедим. Андан сон саякаттоо чечими келди, мен ушул чечимди туура деп чечтим. Ошентип мен өзумду дуйнөнун жаранымын деп, жолумду баштадым.


Азыр мен Вьетнамдагы Фукуок аралындамын. Бул жерде башка аралдарда гид болуп иштеп жатам, сурот тартам, ырдайм, сууда сузөм, саякаттайм, кыскача айтканда – жашоодон ыракат алып журөм. Жалпысынан сегиз өлкөгө барып келдим – акыргы жылы Вьетнам, Камбоджия, Индия, Малайзия, Лаос, Россия жана Казахстанда болдум. Америкага мектепте окуп жургөндө барып келгенмин. Баары эми гана башталып жатарына мен ишенем. Сапарда жургөндө мен аябай кызыктуу адамдарды жана таң калаарлык окуяларды көрдум, эгерде аларды айтып берсем эч тугөнбөйт. Ар бир адамдан, алардын жынысы, жашы, кайсы өлкөдөн болгондугу жана кайсы жерден келгендигинен көз карандысыз бир нерсе уйрөнсө болот. Менин жеке тажрыйбама караганда, адамдар баарыбир жакшы тараптарын көрсөткөн убакыттары көп болду, алар өзунун жашоосунан кызыктуу окуяларды айтып беришет, керек болсо жардам да беришет. Жаман жагдайлар кыйла аз болду, алар азыр эсимде да жок.

Ошентсе да, мен саякатоодон ар-бир адамды баалону уйрондум, анткени бул жолугуулар кокустан эле эмес.

Саякаттоо чечими мен эмес, ал мага келди.

Менин ата-энем кундөрдун биринде мен бир жакка кетеримди сезип журушкөн, ошондуктан алар тынч эле кабыл алышты. Азыр бул жакка келууну да пландап жатышат! Көпчүлүк досторум да менин чечимимди колдошту. Саякаттоого болгон умтулуум бала чагымдан эле бар болчу, ошондуктан, бул жанылык кутулбөгөн окуя болгон жок.

Чынын айтканда, маданияттык шок деген тушунук менде жок.

Биринчи мен өз алдынча саякаттаган өлкө бул Индия, жана чындыгында мен эч кандай маданияттык шок болгонум жок. Маданияттык суктануу көбураак болду десем жанылышпайм. Бул өлкөну мен тез эле суйдум жана сонун адамдарды жолуктурдум, дал ошол адамдар мага саякаттоого шык беришти!

Ынгайлуу шарттар деген тушунук мен учун белгисиз. Менин жашоомдо ынгайлуу шарттар эч качан маанилуу болгон эмес. Билүүгө тырышуучулук жана жашоого болгон суйуу – мен учун жакыныраак болгон тушунуктөр.


Акчалай каражат жаатында дайыма эле тегиз болгон эмес, бирок анын да өзунчө керемети бар.

Адатта, англисче билсен, ар бир өлкөдө жумуш тапса болот. Англис тили окутуучусунан баштап кайыктын капитанына чейин, ким эмнени жасай алса. Дуйнөдө аябай көп мумкунчулуктөр бар, эгерде сен аларга ачык болсон. Жашаганга турагын жана чөнтөгундө аз болсо да тыйын-тыпырып болот. Мындай жашоо бардык эле адамдар учун эмес, ар дайым ар кандай көйгөйлөргө даяр болуу зарыл, акча көйгөйлөрунө дагы. Бирок канча көп саякаттасан жана адамдар менен суйлошсон, ошончо көп озунду каржылоо учун мумкунчулуктөрду таба аласын.

Курбуларым менен он тажрыйба алдык, алар дайыма жардам беруугө жана угууга даяр.


Саякат бизди аябай өзгөртту, бул биздин жашоого болгон коз карашыбыздан, мунөзубуздун өзгоруусунөн билинип турат. Ал өзгөруулөр кандай адамдар менен өткөргөн убакыттын шарапаты менен болгон өзгөруулөр.


Азыр болсо Фукуок деген аралда Сауле деген курбум менен жашайбыз.

Мен аябай кубанычтамын, анкени бизди келечекте аябай көп өзгөруулөр жана жашоо сабактары кутуп жатат. Мындай жашоо ыңгайы көп нерселерди тушунуугө туртку берет, коз каранды эмес жана өз ойу менен болуу оной эмес. Адам эркин болгондо, оной эле башы айланып калышы мумкун. Бирок бул кыйынчылыктар да өзунчө жагымдуу. Ар дайым өзгөруулөргө даяр болуу жана бар нерсеге кубанууну билуу керек, ошондо гана көйгөйлөр көйгөй болбой калат.


Маршрутту кантип тузөсунөр жана кандай колдонмолорду иштетесинер?


Маршрутту адатынча пландабайбыз, мен кутулбөгөн эффекти жактырам, бирок ар кимге ар кандай жагат. Кээбир адамдар майда-чүйдөсүнө чейин пландашат, балким бул адамдын мунозуно жараша.

Жашоонун ар кандай учурларына ылайыкталган бир топ колдонмолор бар. Атүгүл жолоочу жолдош табуу да мүмкүн, аны учун атайын сайттар бар. Эн негизгилери болсо мисалы Couchsurfing (www.couchsurfing.org), бул сайтта бекер турак-жай тапса болот, Skyscanner (www.skyscanner.com) билет издөө учун, www.booking.com жатакана табуу учун, жана албетте Google карта (https://www.google.com/maps).


Ар бир адам уникалдуу болот.

Жашоонун адаттагыдай стандарттары бардык жерде бирдей, университетке тапшыруу, уй-булөө куруу жана башкалар. Бирок ар дайым жана ар жерде өзгөчөлүктөр бар. Өзунун жолун көздөп жургөн кыздар жана балдарга аябай суктанам.


Салам кыздар!

Менин атым Сауле, жашоо мени ар жактарга калчады. Мен 19 жаштамын жана курбуларым менен саякаттап журөм. Мен Кыргызстандын Ош шаарынан болом (суукту көтөрө албайм, бул мага апаман өткөн). Ой келди пландарым бар, бирок көбунөн мен жашоого жана адамдарга ишенем. Азыркы учурда туштук Азиядагы Фукуок аралындамын, жакында курбум Юля менен башка жээктеги шаарга көчөбуз. Акыркы жалдары Лаос, Малайзия, Казахстан жана Россия өлкөлөрунө барып келдим, ошондой эле Вьетнам жана Америкада жашадым. Баары эми гана башталып жатат деп ойлоном жана ишенем. Бул жерде баарынан көп көчөлөрдө сейилдөө, кундун батышын көруу (алар ар жерде укмуштуу), табигый көрунуштөргө суктануу жана ыракаттануу, аралдын чөйрөсундө сейилдөө, курбуларым менен ар кандай нерселер жөнундө суйлошуу, жаны жерлерди табуу, сурөткө тартуу жана бийге тушуу жагат. Азырынча жергиликтуу хостелде ыктыярчы болуп иштеп жатам, бул хостел мага окшогон «бюджеттик саякатчылар» арасында популярдуу.



Сапарда жолуккан адамдар жөнундө токтобостон айтап бере алам!


Көп нерсеге айланамдагы адамдардын жардамы менен уйрөндум деп толук ишеним менен айта алам. Канча нерселерди чогуу башыбыздан өткөрдук! Ар кандай адамдарды жолуктурдук: ар континеттерден, башкача хобби, ой жугуртуусу,жашоого коз карашы менен. Бирок мен бир нерсени анык билем – адамдар менен суйлошкондон кийин сен жана сенин маектешин кичине болсо да өзгөрөт.Алар идеяларын сага жугузгандай сыяктуу, эргуу, ойлоо жана жолуугаларга кубанып каласын.Мени көп нерселер тан калтырат, жаратылыштан баштап сейрек кездешкен салттар жана адамдардын кызыкчылыктарына чейин.
Мени уй-булөмдо тамашалап селсаяк деп коюшчу, бирок ар бир тамашада чындык бар.

Уйумдөгулөр башында коркуп, узак саякатка жөнөткусу келбей, бирок баары бир (бир нече айдан сон) мага ишенишип анан жөнөтушту. Акырында, ата энелер дайым бизге эн жакшы нерселерди гана каалашат. «Карьера» жөнундө көп ойлончумун, бирок мага кызыгы жок нерсени окуугум келбегендигин да дайым тушунчумун. Ошого карабастан, АУЦАга тапшырып, ал жерде жарым жыл окуп жана ошол эле учурда English Zone деген компанияда модератор болуп иштедим. Ал жерде аябай укмуш жана мага окшош коз караштары бар адамдарды жолуктурдум. Бир мезгилде, мындай жашоону жакынкы убакытта өзгөртуу керек экендиги жөнундө тушунуу келди, ошондуктан бир жылдан бери курбуларым менен саякаттап журөм))



Индияга барып келгенден кийин, Юля курбум дагы да адам катары ачыла баштады. Ошентип, биз Вьетнамга келип калдык, андан сон Айгерим, Динара жана Ники курбуларыбыз да саякатка барууга даяр болуп калышты.


Ынгайлуу шарттар жөнундө… Чынын айтканда туулган шаарымда мен өзумду башкача сезем, анткени ал жерде жанымда бир туугандарым бар. Бирок менин оюмча, бардык жакшы нерселер биз менен калуусун жана алар биз менен саякатоосун тушунуу зарыл. Бул эн сонун комфорт. Андан чыгуу да кереги жок болуп калат.

Бир шаарда калып, ал жерде иштеп жана ошол эле убакытта шаарды башка көз караш менен көрууну жакшы деп табам. Мага кыска мөөнөткө келген турист болгон жакпайт. Ошентип, бир нече ишти өзгөрттум, жаны досторду арттырдым жана саякаттоого акча чогултуу мумкунчулугу да болду. Кээ бир учурларда уй-булөм жана досторум куткарып турушат.

Менин оюмча жолу ачык адамдар, акчасын керектуу нерселерге жана аны акылдуулук менен сарпташат. өзу адамга көп деле нерсе кереги жок, турак-жайга сарптаган акчаны унөмдөп, эн керектуу гана нерселерди сатып алып, чанда гана исключение жасаса болот. Андан тышкары, көп өлкөлөрдө баалар биз ойлогондон көп эле төмөн болот.


Курбуларым – укмуштуу жана кулкулуу окуялардын негизги булагы, алар идеялардын генераторлору, ишке дем беруучулөр жана абдан зор колдоочулар.

Кыздар силерге бардык мазмундуу учурларга чон рахмат!

Жакшы кампанияда саякаттоо өтө кызыктуу, айлана чөйрөну бир канча көз менен башкача көрөсун. Биз чындыгында ар дайым өзгөруп турабыз, мамилелер жана чөйрө өзун жана бири бири жөнундө ачылууга жардам берет. Өзгөчө жагдайлар болгон жана болуп келет, бирок бирге алардан чыгуу жолдорун табабыз. Достордун азилдешуусу аябай жардам берет. Бизди башкалар тушунбөгөн же биз айлана чөйрөдөгу адамдарды тушунбөй калган учурлар болгон. Көбунчө тушунбостук көйгөйлөрду жаратчу, андан кийин ойлонбой кабыл алынган чечимдер болгон. Кыйынчылыктар ар дайым болуп турат, мен учун эн негизгиси – жакшылап ойлонуп туруп тушунуккө жана туура чечимге кулуу. Көрсө кыйынчылыктар андай деле кыйын эмес экен.



Досторубуздун айтып беруусу боюнча кезектеги сапарды тандайбыз, же болбосо интернеттен же башка булактардан окуп билебиз. Саякаттоону энсеп, акчалай каражат жагын чечууго аракеттенесин. Акча көйгөйун чечуу учун көп нерсени уйрөнуу керек, саякатка чыгуу менен ырахат аласын. Колдонмолордун ичинен Google mapsты оффлайн режиминде навигация учун колдоном, эски жана жаны достор менен байланыштарды узбөө учун Facebook колдоном, турак жайды издөө максатында booking.com сайтын пайдаланам, маектешуудон таптакыр жыйынтык болбогондо Google translateтти колдоном, калган сайттарды болсо жон эле чычкандын жардамы менен тапса болот. Интернеттен бардык жагдайларды териштиргенде, документтер менен абал кыйын эмес.



Көп адамдар өздөрунө ишенишпейт, бирок ал туура эмес. Негизинен бардык жактарда жашоо бирдей эле, эгер майда-чуйдө айырмачылыктарды эсепке албаганда. Ар бир маданиятта ар канадай кутуулөр бар, айрыкчы жаштардан. Бирок денгээли ар турдуу, азыркы мезгилде ал бийигирээк. Тандоо жана аракет бизге гана таандык. Көп Кыргызстандык жана буткул дуйнөдөгу жаштар мага дем берип турушат.

Рахмат :)


Ада, 24 года. Любит путешестовать и дружить с совершенно разными людьми. Ош, Кыргызстан.
Made on
Tilda